Президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүндө журналистиканы – коомдун санитары, анын аракети менен коом жаман адаттардан арылып, тазаланып турарын белгилеген: “Биз маанилүү окуяларга убагында көӊүл буруп, далилдүү сөзү менен коомунун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон кабарчылар менен сыймыктанабыз. Ошону менен катар кесибинен кыянат пайдаланып, атайы ниет менен көпчүлүктү козуткан, адамдарды негизсиз басынтып, айып таккандан алыс болууга чакыра кетем. Азыр Кыргызстан үчүн тынчтык, туруктуулук, элдин ынтымагы баарынан кымбат. Ошондуктан, журналисттер да баарыбыздын Мекенибиздин келечеги үчүн жоопкердикти бөлүшүүгө милдеттүү”.

 

Премьер-министр Сапар Исаков динамикалуу өнүгүп жаткан заманбап дүйнөдө, экономикада, маданият жана өлкөнүн турмушунда коомдук көз карашты түзүүдө, актуалдуу маселелерди чечүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары чоң роль ойной тургандыгын айтты: “Сиздердин ишиңиздердин арты менен биз дайыма социалдык, саясий, экономикалык чөйрөдө акыркы маалыматтар менен камсыз болуп турабыз. Мамлекеттик органдардын ачыктыгын, коомго жеткиликтүүлүгүн көрсөтүүдө салымыңыздар чоң. Мындан сырткары атуулдук сезимдердин күчөшүнө, басма сөз аркылуу  жарандардын укуктарын коргоодо дайыма колдоо көрсөтүп, эл арасында алардын көйгөйү менен кошо жашап, дайыма жеткиликтүү маалымат менен камсыз кылып турасыздар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык көйгөлөр тууралуу ачык айткан журналисттердин эмгегин жогору баалайт. Биргелишип иш алып барууда биз дайыма диалогго даярбыз, биздин максатыбыз бир -гүлдөгөн коопсуз мамлекетти куруу, ал жерде ар бир адамдын кызыкчылыгы укугу корголушу зарыл”.

 

“Саясат.kg” маалымат агенттиги да бардык кесиптештерибизди майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Калеминиздер курч, өзүңүздөрдүн ден-соолугуңуздар бекем болсун!