Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Салянов 6-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлдү.

 

Маркумдун агасы Карыбек Саляновдун айтымында, ал унаа оңдоочу жайда иштечү. Жубайы жана эки уулу менен кошо беш маал намаз окуган динге берилген үй-бүлө эле. Улан Саляновдун саясатка такыр тиешеси болгон эмес жана анын өмүрүн алгысы келген деңгээлдеги душмандары да болгон эмес. Ал өзү тапкан адал акчага жупуну тиричилик кылып келген. Эл катары жаңы сала баштаган үйү, чакан автоунаасы бар эле.

 

Карыбек Салянов инисинин өлүмүн карындашы Аида Салянованын ишмердүүлүгүнө байланыштырган ойлорго да туш болуп атканын айткан.