2017-жылдын 6-ноябрында Чүй облустук Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында кол салуу болгону тууралуу укук коргоо кызматына маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 6-ноябрга караган түнү саат 01:30дар чамасында, Көк-Жар айылынын тургуну Улан Саляновдун үйүнө белгисиз адамдар кирип, атып кетишкенин аныкташкан.  

 

Болжолдуу маалыматтарга караганда, арам ойлуулар ок атуучу куралдан эки ирет ок чыгарышып, анын кесепетинен 42 жаштагы Улан Салянов жараат алып, каракчылар дароо из жашырышкан. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, бирок, каза тапкан.  Кылмыш болгон учурда үйдө маркумдун жубайы жана 17 жаштагы уулу болгон. Улан Салянов депутат Аида Салянованын бир тууган иниси.

 

 Алынган маалыматтар боюнча кылмышкерлер ак түстөгү минивен менен кетишкен. Укук коргоо кызматтары Бишкек жана Чүй аймагына «Кармоо» планын ишке киргизишти.

 

Бул кылмыштын бир нече версиясы каралууда. Саясий жаатта каралган жок деп билдирет ИИМ.

 

Тергөөнү КР ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.