Улан Саляновдун Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйүнө беткап кийинген белгисиз адамдар кирип, атып кетишкен. Окуя учурунда жубайы жана балдары маркумдун жанында болгон.
Бул тууралуу маалымат булактарына Салянованын мурдагы адвокаты Улан Жумаков билдирген.
Окуя 6-ноябрда түнкү саат бирден өткөн убакта болгон.
Учурда маркумдун үйүндө Чүй облусунун Аламүдүн райондук жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө топтору иштешүүдө. Улан Саляновдун жубайы, балдары көрсөтмө берип жатышат.