Кыргызстандын аял-эркек теңдүүлүгүн аныктаган рейтингде 85-орунга жетти. Бул Global Gender Gap жыл сайын чыгарылуучу рейтингден улам белгилүү болду.
Иликтөөлөрдүн авторлору бул жылы дүйнөлүк гендердик теңдүүлүк бир ордунда токтоп гана калбастан, ылдыйлаганын белгилешкен. 2016-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу бул жылы аял-эркектин теңдүүлүгү 68,3%дан 68%га чейин төмөндөгөн. Мындай акыбалда өлкөлөр чыныгы теңдикти орнотуу үчүн кеминде 100 жыл талап кылынат.
Теңдикке Батыш Еропа тезирээк жетет, ага 61 жыл керектелет. А Түштүк Азияга 62, Түндүк Африкага эң көп – 157 жыл зарыл болот.