Талас шаарынын борбордук аянтында эл топтолуп, митинг болду.

 

Алар буга чейинки бийликке койгон талаптары аткарылбай атканына нааразы болушту. «Алар биздин пикирибиз менен эсептешпегендиктен талаптарды аткарышпады. Бишкекке барып, ал жакта митинг өткөрөбүз», - дешти.

 

Митингчилер, Атамбаев эмгек эргүүгө чыгып кеткенин, а премьер-министр унчукпай отурганын белгилешти.