Бишкектин 6-кичирайонунда терезеге жөлөнүп турган кыз кулап кетти. Тез жардам аны оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирген.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ күндүз болгон. Жабыралануучу Бишкек травмотология жана ортопедия илимий-иликтөө борборуна алынып келинген.
Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө оор акыбалда жатат.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыз терезенин ачык турганын байкабай жөлөнүп алган.