Үлдүрөп үйдөн чыгып баратканмын. Далысын көрүп калдым. Сенин көйнөгүң... Саргыл – ак жол – жол кеткен. Жеңи да кыска экен дал ошондой. Сенейип катып калдым... Зып этип учуп чыкты жүрөгүмдөн... Жок, учуп кирди. Кирди да жүрөгүмө кадалып токтоп калды. Оорлошо түштү денем. Коргошун уютуп койгондой... Жо – жок, башка экен. Бою да кичиректей. Оройдой, кополдой өзү. Көйнөгү да жарашпай турган сымал апарык денесине... Умсундум, жол уладым. А бирок жүрөгүмө зып этип кирген нерсе чыкпады... чыгарган жок... куйкалап ачуу арман... Ошол жүк, арман менен жол улап баратамын...

 

***

 

Айтып берип аткан. Кадимки турмуштук бир жай сүйлөм. Бир сөзүнөн элесиңди кармап алдым. Жаркылдап көз алдыма келген элес... Ууртумдагы жылмаюум тоңуп калды... ичимде бороон – чапкын... көзүмдөн жаш кылгырбай турат жансыз... айлана мунарыктап учуп – учуп... жашынды кунарсыз дарак бутагына... ай турабы, күнбү же... айырмасы кайсы сен жок кезде... жандүйнөм жалгыздыкка чылк көмүлүп... көңүлүм күтүүгө да тартпай калды...

 

***

 

Күтүп келатам... күтүп келатам... А бүгүн түшүнүксүз бир сезим келди, таң менен тереземди ачып жатсам: мен сени неге күтүп атам деги – жолугушуп, бактылуу өмүр сүрүш үчүнбү, же күтүүнү быт – чыт кылып талкалап, жандүйнөмө эркиндик алып, сенсиз күндөргө көнүп, сага болгон күтүүгө чекит коюп, арадагы алсыз тарткан мамиленин каалгасын жаап, жаңы жашоо башташ үчүнбү?..

 

***

 

Көңүлүм ооруп калды... муздак үнүң көкүрөктө кайнап турган сезимдерге муздак суудан аябастан чачкандай... жаз келдиби, жайбы – билинбейт, мен кышта жашап келатам сени жоготкон күндөн тартып. Күтүү - кыш. Айланаңдан ак кардан башка эч нерсе көрүнбөйт. Жиреп кете бересиң, кете бересиң... кайда барасың, жалкы изиң кайсы жерден токтойт – кыш да, сен да билбейсиң...

 

***

 

Тирүүчүлүк ушулбу... же менин тирүүчүлүктөн алган шыбагам ушулбу? Ким бирөөгө акаарат келтирип каргышына сен калдың беле, мен калгамбы? Экөөбүз эки жерде азап тартып, ортодогу күтүүнү уйпалап уктатпай тынчын алып... Акырындан сезимдер да азайып бараткандай, телефондон урушубуз күч алып... бирибиз чечкиндүү туруп же, “болду, бүттү, түгөндү баары!!!” деп балчайган чекитти кое албайбыз. Айланып, тегеренип кайра эле күтүүгө, күтүүнү алпештеген үмүткө ак урабыз... Кимибиз калдык экен каргышка... эки жээкте Күкүк – Зейнеп болгудай...

 

***

 

Унутам деген сөздү күнүнө миң кайталайм... Сени унутсам эле оорудугун салган күндөр жепжеңил боло калчудай... Сени унутсам эле түнөк таппай асман – жерге урунуп, жапайы добуш чыгарып, жаны чыгып бараткандай тирүүлүктүн жеңинен жанталаша бурдай кармаган жандүйнөм жай аккан өзөн боло калчудай... Унутам деген сайын сени эстейм... Күтпөйм деген сайын сени күтөм...  Унутууга боло турган нерсени унутам деп кайталабай туруп унутасың, а унутууга болбогонду ушинтип унутам деп миң кайталайт экенсиң...

 

***

 

Сага эрмек болсун мен жокто деп жалгыздык таштап кеттиң эле... А мен сага эмне таштаганымды билбейм...

 

***

 

Таңды ашыгып тосом. Таңды тосоорум менен кечтин киришин самай баштайм... Сенсиз күндөрдүн ылдам кетишин каалаганым менен өмүрүмдүн ылдам агышын каалабас элем. А бирок тагдырдын мыйзамы ушул – белегин алам десең, өзүң да белек берүүгө туура келет...

 

***

 

Сени менен өткөргөн күндөрүм жомокко айланды. Бирок аягына жете элек жомокко... Ошентип бактылуу жашап калышыптыр деген акыркы сүйлөм качан жазылат деп КҮТҮП жүрөм...

 

***

 

Алыстык сезимдерди азайтабы... Баягыдай көкүрөктү өрттөп жибербейт, таптакыр жок болуп да кетпейт... Бир өксүү болгону – ар дайым өзүнүн бар экенин эстетип, бир мүнөт токтоп калбай тымызын сыздаткан ооруну берип турган.

 

 

***

 

Жамгыр шатыратып төгүп кирди. Чуркап бараттым. Кол чатырым жок. Чачтарымдан кулаган суу ичиркентип денемди аралайт. Бир жолу да так ушинтип жаанга калгам. Анда мени күткөн үйдөгү сага чуркап бараткам – жамгыр ачуу төкпөй, жыпжылуу тамчылары кытыгылап, күлкүмдү токтото албай... сага чуркап бараткам...

 

***

 

Үрпөңдөшүп уруша кетсек сага билдирбегеним менен күнү бою азап тартчумун. Өзүмдү өзүм жемелеп... жектеп... сени жоготуштан өмүрүмдү жоготкондон да көбүрөөк коркоор элем... Эми ойлоном, бейкүнөө саамайыма ак тартуулап анда неге мынча азаптандым – ... баары бир биз жоголуп калбадыкпы...

 

 

Булак: "Саясат. kg".