Бүгүнкү парламент жыйыны өкмөттүн кышка даярдыгын угууга арналды. Депутаттар өкмөт өкүлдөрүнө суроолорду беришүүдө.
Ошол убакта өкмөт өкүлүнүн телефон чукулап отурганы депутат Бакыт Төрөбаевдин безине тийди.
«Бул жерде маанилүү маселелер көтөрүлүп атат. Телефонду чукулабагыла, чукулабай койгонго дараметищер жетпесе, таштап келгиле. Алаксыбай депутаттардын сөзүн жакшылап уккула», - деди Төрөбаев.
Спикер Дастан Жумабеков да кесиптешинин сөзүн колдоп, Дүйшөнбек Зилалаевден тартип жаатын байкаштырып коюуну суранды.