Улуу жана Кичүү Памирден октябрда көчүрүлүп келген үй-бүлөлөрдүн мектеп курактагы балдары жана өздөрү билим алууну башташты.
Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, боордоштор Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде билим алышууда. Аларга ошол мектептин башталгыч класстардын мугалимдери сабак берип жатат.
Алар 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп 2 тайпага жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы КР Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлүп, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышат.
Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиеванын айтымында, окучулардын айрымдары фарси тилинде окуп, жазганды билет. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын сабакты кабыл алуулары ар башка болууда. Анткен менен программаны өздөштүрүүлөрү жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишти. Кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.