Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина базарларда жашылча – жемиштердин баасы кымбаттап атканын айтты. Ошол эле убакта эшикте күз дооронун жүргүзүп атканын да эске салды.

 

«Сыртта күз. А бирок, жашылча – жемиштердин баасы кымбат. Алманын килограммы элүү сом, картошка отуз сомго жетти. Азыр мындай болсо, кышында кандай болот? Буларды көзөмөлгө алышабы?» - деди депутат.

 

Өкмөт өкүлү Дүйшөнбек Зилалаев көзөмөлгө алынаарын эптеп айтымыш этти.