Акыйкатчы Кубат Оторбаев кымбат баадагы автоунаа алуудан баш тартты.
Маалыматка караганда, 4-октябрда Акыйкатчыга 1,5 миллион сомдук «Жип» үлгүсүндөгү автоунаа алуу боюнча тендер жарыяланган. Мамлекеттик сатып алуу сайтына тийиштүү арыз ташталган. Бирок, коомчулук мындай кадамды катуу сынга алгандыктан, Оторбаевдин кымбат автоунаа мингиси келбей калды.
Ал Каржы министрлигине тендерди жокко чыгарып, акчаны балдар үйүнө которуу тууралуу кат жөнөттү.