Азыркы калкыбыздын дээрлик көпчүлүгү жумушсуз жүргөн жана иштесе да аз маяна алган заманда жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөргө мигрант катары кетип жатышат. Алардын айрымдары Түркияга барышууда. Бирок, “үйдөн жети кадам чыкканда мусаапырсың”,- демекчи, чет жакка чыккан мекендештерибиздин баардыгы эле каалагандай жумуш таап, тапса да иштеген маянасын алалбай “кидала” болуп же алданып калган учурлары кездешпей койбойт. Себеби “ортомчу” фирмалар бөтөн жердин тили менен психологиясын билбей алгач барып, алдастап турган  мигранттарды алдап, кээде жасаган жумушунан кемчилик таап, кыйналып тапкан акчасын алып коюшат. 2016-жылдан тартып мына ошондой Түркияга иш издеп барган кыргызстандыктарды мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу, виза менен камсыз кылуу, тилди үйрөтүү, кеп-кеңеш берүү жана башка юридикалык жардамдарды көрсөткөн алгачкы кыргыз кыздары тарабынан Түрк-кыргыз биргелешкен CVT LTD STI фирмасы ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Биз бул фирманын жетекчиси, кызматкерлери жана Кыргызстандан ал жакка барып иштеп жүргөн мекендештерибиз менен маектештик.

 

Айзада Жээнбекова, CVT LTD STI фирмасынын жетекчиси:

 

“Биз мекендештерибиздин мыйзамдуу жумушка орношуп, алданып калбоосу үчүн ачылдык”

 

 

- Айзада айым, алгач окурмандарга өзүңүз жетекчиси болуп саналган жумушка орноштуруу менен алектенген фирма  тууралуу маалымат берип өтсөңүз.

 

- Менимче азыр чет өлкөгө иш издеп чыккан кыргызстандыктардын көпчүлүгү Россия, Казакстандан кийин эле Түркияда болсо керек. Ооба, Түркия бизге боордош мамлекет. Ошого жараша тилибиз менен дилибиз, менталитетибиз да окшош. Мындан тышкары бул жакта элдин жашоо деңгээлинин жогорулугу менен мамлекеттин экономикасынын өтө жогору өнүккөндүгүнөн улам айлык маяна да салыштырмалуу бир топ жогору. Дал ушул жагдайлардан улам жана үч айга кыргызстандыктарга визасыз жүрүүгө уруксат берилгендиктен, миңдеген кыргызстандык мекендештерибиз иштеп жүрүшөт. Мен Түркияда көп жылдардан бери жүргөндүктөн жердештеримдин кандай кыйынчылыктарга туш болушкандыгын жакшы билем. Ошондуктан эки жыл мурда аларга колдон келишинче жардам, кеп-кеңеш берүү, юридикалык кызматтарды көрсөтүү максатында алгачкы ирет кыргыз кыздары ушул фирманы ачтык. Дагы бир кайталап белгилеп коё турган жагдай, биздин фирманы жалаң кыргыз кыздар ачтык жана эч кандай түрк жаранынын тиешеси жок. Биздин фирма Түркия Республикасынын Адилет министрлигинин каттоосунан өтүп, мыйзамдуу түрдө гана иш жүргүзөбүз.

 

- Демек, сиз түзгөн жумуш менен камсыз кылуу агенттиги Түркияда иштегиси келген кыргызстандык мекендештерди легалдуу түрдө иш менен камсыз кыла алат турбайбы.

 

- Ооба, белгилей коючу жагдай, Түркияда иштеген чет элдик эмгек мигранты сөзсүз түрдө жумушчу визасын алып гана иштей алат. Анда жумушчу менен иш берүүчүнүн (мамлекеттик ишкана  же жеке тарап болобу) ортосунда келишим түзүлүп, кандай жумушту аткарат, канча саат иштейт, алган маянасы, дем алуу күндөрү так көрсөтүлүп, мамлекетке салык да төлөнөт. Биз ошол эки тараптын ортосунда келишим түзүп, милдеттерин так аткаруусуна кепилдик беребиз. Башкача айтканда, Кыргызстандан иштөөнү каалаган мигранттарды тандап алып, алардын тиешелүү талаптарга жооп берүүсүнө жоопкерчиликти алып, ошол эле учурда түркиялык иш берүүчүлөрдүн келишимде көрсөтүлгөн милдеттерин так аткаруусуна кепилдик беребиз.

 

- Сиз жетектеген фирма жалаң гана жумуш менен камсыз кылуу жаатында иш жүргүзөсүздөрбү же башка да пландар барбы?

 

- Буюрса, келечекте бир гана кыргызстандык мекендештер менен эле чектелбестен, башка да борбор азиялык жана башка өлкөлөрдүн Түркияда иштөөнү каалаган эмгек мигранттары менен иштешүү ниетибиз бар. Андан тышкары учак билеттерин сатуу, тил курстарын ачуу, эл аралык деңгээлдеги юридикалык кеңештерди, Түркиянын лицейлери менен ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандарга тилди үйрөтүүдөн тартып, окуу курстарын уюштуруу, алардын визасын ачып берүү, депортация болгон учурда көмөк көрсөтүү, никеге турууда мыйзамдуу документтерди жасап берүү жана фирма ачуу иштерине көмөк көрсөтүү оюбуз бар.  Ошондой эле келерки жылга карата иш пландарыбыз тууралуу да айта кетейин. 2018-жылы туризм жаатында да иш жүргүзүп, туристтердин эс алып же дарыланып кетүүсүн камсыз кылууну колго алсак деп турабыз.

 

- Сиздердин фирма аркылуу Түркияга келип иштөөнү каалагандар кантип байланышса болот?

 

- 2016-жылдын 5-сентябрынан бери Бишкекте биздин бөлүмүбүз болгон “ДжВТ” ЖЧК иш жүргүзүп келатат. Ал жерде Түркияга иштөөнү каалагандар тууралуу менин жардамчыларым тиешелүү маалыматтарды алып, тил кат же алдын ала келишим түзүлгөн соң гана жиберишет.

 

Алина Алиева, менеджер:

 

“Биз ар бир адамдын дыкат текшерип гана алабыз”

 

- Кыргызстандан Түркияга кимдер келип, кандай жумуштар менен камсыз боло алышат?

 

- Түркиянын мыйзамы боюнча 20-45 жаштагы чет өлкөлүк кыз-келиндер үчүн сезондук жана үй жумуштарын жасоого уруксат берилген. Бирок ар бир иш издеп келген адамдын эң оболу ден-соолугу чың болуусу жана жүрүш-турушу менен тамеки тартпай, ичкилик ичпегендигине көңүл бурабыз. Ушундай талаптарга жооп берген кыз-келиндер гана кабыл алынып, андан соң виза ачуу, иш табуу сыяктуу келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди аткарабыз. Дагы бир көңүл бура турган жагдай, Кыргызстандан өмүрү чет жакка чыкпаган, эки эл менен мамлекеттин шарты жана менталитетинде аябай чоң айырма болгон үчүн айрыкча айыл жеринен келгендер алгач эле психологиялык ыңгайсыздыктарга кабылышып, тилди билбей кыйналышат. Биз аларга бир жума кеп-кеңеш берип, тилди үйрөтүп, Түркиянын атмосферасына адаптациялануусуна жардам беребиз. Азыр интернеттин заманы эмеспи, ар бир жаран бул жакка келерден мурда эле Түркиянын маданиятын, тилин алдын ала үйрөнүп алышса деле болот.

 

- Алина айым, эгер жашыруун болбосо, Түркияга келип иштеген мигранттар канча маяна алышат жана сиздердин кызмат көрсөтүү акыңыздар канча?

 

- Жогоруда айтылгандай, негизинен Кыргызстандан Түркияга 20дан 45 жашка чейинки кыз-келиндер үй жумуштарын, бала кароо үчүн кабыл алынат. Алар орточо 500дөн 700 долларга чейин маяна алышат. Ошол эле учурда жатаканасы менен тамак-ашы бекер болгондуктан, тапкан акчасы толугу менен өздөрүндө калат. Башкача айтканда, башка чет өлкөлөрдөгү мигранттарга окшоп, квартира, жол кире, тамак-аш сыяктуу иштеген акчасынын жарымынан көбү кайра кетип калган чыгымдар жок. Мындан тышкары дем алыш күнү кошумча акча төлөнөт. Эгер шаарга чыкса же көчөдө жүрсө, полиция кармап алып ашкере текшерген, айып салган, уруксат документтери болсо деле күчкө салып депортация кылып жиберген терс көрүнүштөр дээрлик жок. Албетте, адамдын өзүнөн же жүрүш-турушунан да көп нерсе көз каранды деңизчи. Ал эми биз виза, тил үйрөткөн жана башка кызматтарыбыздын акысын эсептеп, орточо бир айлык маянасынын өлчөмүндө акча алабыз. Айрым учурда башка, алдамчы фирмалар аркылуу келип алып, акчасын алалбай же жумуш таппай жүргөн мекендештерибиз бизге кайрылышып, легалдуу түрдө жумушка орношкон учурлар да бар.

 

Елеонора Кадиева, маалымат катчы:

 

“Катарга да кыргызстандыктарды жөнөттүк”

 

- Биз азырынча Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарлары менен иштешип атабыз. Кийинчерээк башка да шаарларга чыгуу планыбыз бар. Жогоруда жетекчибиз айтып өткөндөй, башка чет мамлекеттерге да жумуш менен камсыз кылууну колго алууну ойлонуп жатабыз. Катарга кесиптик талапка жооп берген жана англис тилин билген кыргызстандыктарды жумушка орноштурдук. Андан тышкары Дубай, башка араб өлкөлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. Бишкектеги кеңсебиз да ишин жандандырмакчы. Биздин өзүбүздүн юристтерибиз жана адвокаттарыбыз бар. Алар кокус талаштуу жагдай жаралып калса, биз аркылуу иштеп жаткан кардарларыбызга жардам беришет.  Негизи Түркияда мыйзам каттуу сакталат, эгер сен тартипти бузбасаң, эч ким тийише албайт. Бирок айрым жердештерибиз өздөрү туура эмес жүрүш-турушу аркылуу көйгөйлөргө кабылып калышат. Кыргызстанда жумушсуздук күч алып турганда жарандарыбыздын чет мамлекеттерде иштеп жатышы алардын өзү үчүн эле эмес, жалпы мамлекетке да аздыр-көптүр салым болуп эсептелет. Жогоруда айтылгандай, биздин фирма менен келишим түзүп, Түркияга келип иштегендердин баардык укуктары корголгон, эч кандай алдамчылык жок. Ошондуктан башка фирмаларга алданбастан, келишим түзүп, келип иштей беришсе болот. Ал тургай андай алданган мекендештерибиз бизге кайрылып, жумуш тапкан учурлары көп болууда. Биз жумуш таап берген кардарларыбызды дайыма көзөмөлдөп, юридикалык жана башка жардамдарды берип турабыз.

 

Жаркынбай кызы Уулкан, 26 жашта:

- Мен Кыргызстанда жумуш таппай, тапсам да маянам жеке керт башыма жетпей аябай кыйналдым. Ошондуктан ушул фирма аркылуу Түркияга келип иштеп жатам. Кудайга шүгүр жумушум жакшы, ай сайын туугандарыма алган маянамды жөнөтүп турам. Дагы бир аз иштеп, үй, машина алып алсам деген максатым бар.

 

Бекжанова Эльмира, Нарын облусунан:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашоо чындыгын айтканда карапайым адамдар үчүн өтө оор. Болгондо да тоолуу Нарын облусунда үй-бүлөнү жетиштүү камсыз кылуу дегеле мүмкүн эмес. Ошондуктан мен тааныштар аркылуу ушул фирманы таап, азыр Түркияда иштеп жатам. Айлык маянабыз менен түзүлгөн шартка эч кандай нааразычылыгым жок. Алгач келгенде бир ооз түркчө билбесем, фирманын кызматкерлеринин жардамы менен орто деңгээлде пикир алышууну өздөштүрүп калдым. Жумушубуз жеңил, виза жана башка уруксат документтерин келишимдин негизинде жасап беришкен. Айылдагы балдарымды окутуп, тамак-ашы менен кийим-кечесин толук камсыз кылып турам. Аларды бутуна тургузганча иштеймин деп ойлоймун. Бир гана туулган жерим менен туугандарымды сагынганым болбосо, баары жакшы.

 

Турганбаева Чынара, Ысык-Көл облусу:

- Мен Түркияга келип иштеймин деп мурда ойлогон эмес да болчумун. Бирок жашоо-турмуш ушул Кыргызстандан беш миң километр алыс, ошол эле учурда кыргыздарга тили менен дили окшош Түркия мамлекетине келип иштөөгө мажбур кылды. Эгер бул фирма аркылуу жумушка орношсоң, анда иш берүүчүлөр да келишимдин негизинде гана иштетип, ашыкча жумуш жасоого мажбурлай албайт экен жана маянабызды убагында төлөп турат. Себеби бул фирма мыйзамдуу болгондуктан, эч качан укугуң бузулбайт.

  •  

Булак: “Майдан.kg”