Жакында эле караколдук кип-кичинекей кыздын “Бабанов президент болбой калды, ү-ү-ү!..” - деп интернет аркылуу “шолоктоп” ыйлаганы баарыбызга маалым. Чын дилинен ыйладыбы, же “ушинтип ыйлап кой, ансыз деле акчаларын самандай сапырып чачты го, сенин ыйлаганыңды көрүп бизге да “эрип” кетип бир тутам акча берип ийгиси бардыр,”- деп жакындары атайлап ушундай көрүнүштү жасаганга мажбурладыбы, айтор, кеп анда эмес, кеп - балдарыбызды да сасыган саясатка аралаштырып жиберген өзүбүздүн пастыгыбызда. Талапкерлердин теледеги көңүл айланткан жарнамалары аз келгенсип, эки адамдын башы бириккен жерлерде эле сүйлөгөнүбүз ушул мансап талашкандар тууралуу болуп калбады беле. Мунун таасири балдарыбызга кантип тийбей койбосун! Башкы эки талапкердин бирин бирөөсү, экинчисин дагы бирөөсү утуп чыгат деп болжолдоп, мелдеше кеткен балдарды өз көзүм менен көрдүм. Булар мындан көрө билим, спорт, адабият, музыка боюнча талаш жүргүзүшсө ийги болмок.

 

Картинки по запросу бабанов девочка

 

Эми сөз оролу келип турганда, чоң адамдар тууралуу да кеп кыла кетейин. Ар кимиси ар талапкерге күйөрман болуп кайым айтышкандар, акырая караган көздөрү менен “атышкандар”, бири-бирине жагымсыз сөздөрдү кара чаар жыландын уусундай чачышкандар, “меникин” эмне жамандайсың деген таризде жан ачышкандар, сөгүшкөндөр болду, сүйүктүү талапкери утуп чыкканда өбүшкөндөр болду, “меники утпай калды” деп ичтеринен көз жашын төгүшкөндөр болду. Мындай сөздөр мурда да айтылып келген, сүттөн ак шайлоо болгондон кийин деле айтыла берет. Менин сүйүнгөнүм, шайлоо тынчыраак өттү. Бирөөлөр божомолдогондой, “кан төгүү” болгон жок. Кыскасы, акча чачкан эң бай талапкер утпай эле – кең пейил кыргыз эли утту, чагымчылдарды эч ким эрчиген жок.

 

Бирок, “шайлоо өтө ыплас өттү” деп какшагандардын көзүнө бир гана админстративтик ресурс көрүнүүдө. Эмне үчүн айрым талапкерлердин ар бир шайлоочуну бир койдун баасынан да арзан баалаганы айтылбайт. Бир шайлоочунун баасынын эң арзаны 1000 сом болсо, эң кымбаты 5000 сом болгону эл арасындагы күбүр-шыбырларда айтылып эле жүрбөйбү. Кетип жаткан президентибиз баса белгилегендей, админстративдик ресурска караганда акча ресурсу күчтүү болуп турган.  

 

Булак: “Майдан.kg