Кыргыз эли табиятынан ишенчээк келет белем! Көзү ачыктарга ишенбей эле койоюн деп туруп, кээде кантип ишенип алганыңды өзүң дагы билбей каласың. Ал тургай, мурунку президенттердин да айрымдары келечекти алдын ала айтып берип турган, жолун тазалоо менен алектенген, каршылаштарына кара дуба окуган бирден көз ачык кармап келгендиги туурасында кептер тегин жерден чыкпаса керек. Ал эми өздөрүнүн үй-бүлөлүк ынтымакчылыктын ыдырашынын, жүрбөй калган иштерине себепкер, жолун буудурган “шектүүлөрдүн” ким экенин билүү үчүн көзү ачыктарга каттаган, жазып берген дубаларын жаттаган адамдар арабызда жүргөндүгү айкын.

 

Картинки по запросу бабанов

 

Көзү ачык деген ким? Бир караганда, сырдуу адам!... Ананчы, Алла Тааладан маалымат алып жаткандан бетер өткөн чагыңды, келечегиңди ишенимдүү айтып берип атса... Ошондой сырдуу адамдарды, көзү ачыктарды байма-бай жарыялап келген “Шамбала” гезити бир алдын-ала айтымчынын сөзүнө таянуу менен “Сооронбай Жээнбеков президент болот, Өмүрбек Бабанов жеңилүү ызаасын тартат”,- деп жазса, ушул гезиттин кийинки санында “Бабанов президент болот” деп айтымчы, төлгөчү Касымбек кызы Батманын сөздөрүн жарыялаган эле. Макалага анонс катары “Бабановго кол салуу болот” деген сүйлөм гезиттин биринчи бетинде бадырайып турат. Ошону менен бирге Өмүрбек Токтогуловичтин кыйгачынан түшкөн сүрөтү... Өмүрбектин маңдайына тапанча такалып, тапанчанын оозунан кып-кызыл ок чыгып баратат. Аны көрүп, ыманым “куулдай” түштү. Бул жамандыктын белгиси болуп жүрбөсүн? Мындайды ким ойлосо да тилеги таш капсын!

 

Эми бир аз чегинүү жасайын. Бакиевдин бийлигинин акыркы жылдары кайсыл бир саясий гезит да ошол убакта ИИМди жетектеп турган Молдомуса Конгантиевдин сүрөтүн төбөсүнөн баштап бутуна чейин түп-түз кесинди кылып... мисалы, жарым баш, жарым дене, бир бутун, бир колун гана биринчи бетке чоң кылып чыгарган эле. Аны карап туруп, орус улутундагы бир гезит сатуучу кемпир:

 

- Мындай сүрөт жамандыктын белгиси. Бул киши эми сөзсүз бир кырсыкка кабылат, - деп кейиген.

 

Арадан көп өтпөй, Бакиевдердин кымбатчылыкты жасалма түрдө көтөргөн саясатына каршы болгон эл толкуп, Таластагы митинг учурунда Молдомуса Конгантиев өлөөрчө сабалып, жарым жан абалында араң аман калганынан кабардар болгонумда баягы сүрөт менен кемпирдин сөзүн эстедим.

 

Эми Өмүрбек Бабановго кол салуу болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өлкөнүн тынчтыгын бузуш үчүн, бийлик менен элдин ортосундагы жараканы чоңойтуш үчүн муну үчүнчү күчтөр жүзөгө ашырып жибериши ыктымал. Же болбосо, президенттик жарышта Токтогуловичти колдогон, миллиондогон “жашылдарын” сарптап жиберген чет элдик миллиардерлер деле кайра кайтпай калган акчалары үчүн ачуусун киллерге буюртма берүү менен чыгарбайт деп айтуу кыйын. Анын бетин кудай ары кылсын! Мен адам түгүл, чымчыктын да каны төгүлүүсүн каалабайм! Өмүрбек али жаш. Анын өзү “Бабанов президент болот” деп “көзү ачыктык” кылбай, мактанбай, андан көрө кайрымдуулук иштерди арбын жасап, кыргыз жергесине завод-фабрикаларды куруп, ак дили менен кызмат кыла берсе, кеңпейил элибиз өзү эле көтөрүп алат. Анан алты жыл бою момпосуй сугунуп алган немеден бетер унчукпай жүрүп, кийинки президенттик шайлоо алдында гана булуттан чыккан айга окшоп “жарк” этип көрүнө калып: “Урматтуу элим, эгер мен президент болуп калсам, Кыргызстан сөзсүз Россия, Япония, АКШдан да күчтүү мамлекетке айланат. Бишкекти дүйнөдөгү эң бийик, эң кооз шаарга айлантам. Керек болсо, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бийиктиги ай планетасына чейин жетет. Анан айга жетиш да проблема болбой калат. “Прямо” лифти менен эле...” деген сыяктуу куру убадаларды бере берсе, дагы жеңилүү ызаасын тартаары шексиз.

 

Айтор, бийлик эмес, өмүр кымбат. Кыскасы, гезитте иштеген айрым калемдештерим тирүү адамдын сүрөтүн жарыялоодо ага ажалды кошо чаптабай, жамандыктын келишин өзүңөр кол булгалап чакырып бербей, болочоктогу жакшылыктарга гана себепкер болбосоңор экен демекчимин.

 

Орозбек Бөрүгулов

Булак: “Майдан.kg