Президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттөгү эмгек эргүүсүнө чыкты.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, эмгек эргүү бүгүн, 30-октябрдан башталат. Бирок, эс алып жатып албайт, бул убакта Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясынын туруктуу өнүгүүсү долбоорунун жыйынтыктоочу вариантынын үстүндө иштейт.