Россиялык штангист Юрий Белкин 440 килограммдык штанга көтөрдү. Аны чагылдырган видеону НТВ каналы жарыялады.
Бул көрсөткүч дүйнөлүк рекорд болуп саналат, анткени, ушул жылдын жай айында 421,5 кг штанга көтөргөн америкалык ооратлетчи Кайлер Воламдан алдыга чыкты. Юрий Белкин 2016-жылы 420 кг штанга көтөргөн.
Спортчунун салмагы 103 кг, ошондо ал өз салмагынан төрт эсе оор штанга көтөрдү.