Жогорку Кеңештин төрагасы болуп бир нече жыл иштеген Асылбек Жээнбеков спикерликтен кетүүгө аргасыз болгон. Бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке дайындалаар алдында, Асылбек Жээнбеков бир туугандар бийликтин даражалуу бутактарына конуп алуу болбостугун түшүнүп, спикерликтен баш тарткан. Ошондон бери андан дайын жок. Парламент жыйындарында мамлекеттеги маселелерди козгоп, үн катпайт. Жарыш сөзгө чыкпайт. Эмне болду экен дегиче, маалымат каражаттарынын бири Асылбек Жээнбековдун парламенттеги кабинетинин алдында кезек күткөндөр көбөйүп атканын жазып чыкты. Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышы менен али ишке расмий кирише элек болсо да, Асылбек Жээнбековго «көрүнүп» коюуну туура тапкандардан колу бошобой аткан өңдүү. Бир туугандардын жан-жабыла мамлекетти башкаруусунан кыргыз элинин көңүлү Курманбек Бакиевдин бийлигинен кийин үч көчкөн журттай калган. Эки бир туугандардын бийик орунда бир убакта отурууга болбостугуна башы жеткен Асылбек Жээнбеков ал жагын да эске алаар. Экинчи Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга кереги жок.