Баткендин Самаркандек айылындагы шахта бир жыл мурун жабылган. Бирок, жакында андан көмүр казуу аракетин көргөн үч адам каза табышты.

Бул тууралуу Баткендин губернаторунун маалымат кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 26-октябрда аталган шахтада угар газына ууланып үч жергиликтүү тургун каза тапкан. Куткаруучулар алардын денесин 85-92 метр тереңдиктен алып чыгышкан.

 

 Басма сөз кызматынын билдиришинче, Баткен районунун акиминин буйругу менен мыйзамсыз ишмердүүлүктүн алдын алуу жана кырсыкты эскертүү боюнча комиссия түзүлдү.

 

Ошол эле айыл аймагында шахтадан мыйзамсыз көмүр казган 11 адам аныкталган. Алардын экөөсү бир  жылга эркинен шарттуу ажыратылган жана 3000 сом эсебинде айыппул салынды.