Талас шаарында 29-октябрда митинг болду. 300 адам катышкан митинг президент Атамбаевдин таластыктардын дарегине айтылган орунсуз сынына нааразычылык билдирүү менен коштолду.

 

Эске салсак, 18-октябрда мамлекет башчысы мыкты окуган студенттерге стипендия тапшыруу аземинде 16-октябрда Таласта өткөн митингдин катышуучуларын сынга алып, аларды «Абыке-Көбөштөрдүн тукуму» атаган.    

  

Митингчилерге Талас шаарынын мэрии Айдар Жусупбеков чыгып, тынчтандырууга аракеттенген.

 

Митингчилер тарашты, бирок, президент кечирим сурасын деген пикирлеринен кайтышкан жок. Резолюция да ошол багытта кабыл алынды: Атамбаев таластыктардан кечирим сурашы керек!