Сузак райондук аймактык шайлоо комиссиясы төрт шайлоо тилкесинин жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул жөнүндө “Демократия жана жарандык коом үчүн” Коалициясынын аймактык өкүлү Уулкан Иранова редакциябызга кабарлады.

- Биздин байкоочуларыбыз Сузак районундагы 2118-, 2119-, 2120-, 2126- шайлоо тилкелеринде олутту мыйзам бузууларга жо коюлгандыгыгн баса белгилеп, анын жыйынтыктарын жокко чыгарууну Сузак райондук аймактык шайлоо комиссиясынан талап кылган. Анткени, жарандардын саны мамлекеттик каттоо кызматынын идентифицикациясына дал келген эмес! Мындан тышкары аймактык шайлоо комиссиясынын бюллетендеринин саны дагы таптакыр туура эмес! – деди “Демократия жана жарандык коом үчүн” Коалаициясынын аймактык өкүлү Уулкан Иранова.
Ошентип, Уулкан Иранованын ырасташынча, мамлекеттик каттоо кызматы аныктаган шайлоочулардын тизмеси менен автоматтык эсептегичтеги бюллютендердин чындап эле саны дал келбейт.