Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасына негизделген казак тилинин арибин бекитти. Тиешелүү жарлык президент администрациясынын сайтында жайгаштырылды.
Жарлыктын тиркемесинде 32 тамгадан турган латын арибинин варианты жарыяланды.
Казак президенти кол койгон документте өкмөткө казак тилинин арибин латын графикасына которуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Кирилл арибинен латынчага өтүү жараяны 2025-жылга чейин уланат.
Назарбаев январда 2017-жылдын аягына чейин латын арибинин негизинде казак тилинин алфавитин түзүү тапшырмасын берген.
2025-жылга чейин өлкө мезгил-мезгили менен басылып чыкчу жыйнактарды, документтерди жана көчө аттарын латын арибине которот. Казакстан 1929-1940-жылдар аралыгында латын тамгаларын пайдаланып келген. 1929-жылга чейин араб графикасы колдонулган.