Өлкөбүздө жарык көрүп келе жаткан гезиттердин ичинен нускасы эң көп “Супер инфонун” ээси Кылычбек Султановдун жылдызы жанганы туру...

 

Дегенибиз, кесиптешибиздин Түштүк Кореяга элчи кызматына талапкерлиги парламенттин тармактык комитетинде жактырылды. Буга чейин К.Султанов Малайзияга элчи болуп барып, үзүрлүү эмгектенип, мамлекет аралык мамилелердин чыңдалышына чоң салым кошкон. Айрыкча анын эки элди маданий жактан жакындаштыруу долбоорлору коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. Мындан улам, Кылычбек кайда барбасын, иштин көркүн чыгара билерин белгилеп коюшубуз керек. Бул жагынан алганда, К.Султанов Түштүк Кореяга элчи болуп кетсе, Кыргызстан бардык жагынан утаары бышык.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №50 (328), 25.10.2017-ж.