Алтын айылындагы үйлөрдүн биринин короосуна аялдын сөөгү жашырылганы тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Чүй облустук ИИБинин маалыматына караганда, бул кылмышка тиешеси барларды ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуя болгон үйдүн кожоюнунун жээни 36-жаштагы Ш.К. кармалды.

 

 «Ал жасаган ишин моюнуна алды, 19-октябрда кечинде үйүндө кызганычтын айынан жарандык никедеги жубайын катуу буюм менен башка чаап, андан улам өлтүрүп алганын айтты. Кылмышты жашыруу үчүн короодон жай казып, сөөктү жашырган. Маркум Талас аймагынын 30 жаштагы А.Ч.аттуу тургуну экени аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

 

Бул боюнча кылмыш иши козголду.