Баткен облусунда шахтада угар  исинен үч адам ууланып, каза тапты.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык Самаркандек айылында болгон.     

 

 Каза тапкандар  1970-жылы туулган С. Ормонов, 1972-жылы туулган И. Ибрагимов жана 1987-жылы туулган Акмат уулу У. Алар көмүрдү мыйзамсыз казып алып жатышкан. ӨКМнын куткаруучулары алардын жансыз денесин 90 метр тереңдиктен алып чыгышкан.