Казакстандын саясий серепчиси Эдуард Полетаев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

 

«Жубайым менен дүкөнгө барып, Кыргызстандан келген азык-түлүктөрдү да карап көрдүм. Алматынын дүкөндөрүнөн жана базарларынан Кыргызстандан келчү сүт азыктары табылбай калды.

 

«Кыргызстандан келчү азыктардын ордун толтурсак болот, өзгөчөлүү товарлар деле жок. Бирок, алардын сыры даамдуу болчу, Казакстанда андай сырлар аз чыгат. «Үмүттүн» сүт азыктары, сметана, быштактары да жоголуптур. Аз камсыз сатып алуучулар Талдыкоргондон чыккан арзан товарларды алууга аргасыз болушууда», - деп жазган ал.