Ооба, саясаттан да башка аалам бар экенин унутпаган адамдар арабызда бар экен. Айтсак, өткөн жекшемби күнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында көчмөн стилинде курулган “Nomad” амфитеатрынын ачылыш аземи болуп өттү.

 

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргызстандагы элчилер жана жергиликтүү тургундар катышты. Амфитеатрдын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун айтымында, маданий жайды куруу демилгеси Көчмөндөр оюндарынын кийин пайда болгон.

 

“Былтыр Көчмөндөр оюндарында манас айтуу, акындардын айтышы сыяктуу өнөрпоздордун ордосу боло турган кошумча жай керек экени байкалып калды. Мындан улам Ташкул Керексизов агай менен кеңешип ушундай амфитеатр куруу идеясы жаралды. Кийинки жылы Көчмөндөр оюндарында бул жерде маданий иш-чаралардан сырткары спорттун айрым түрлөрүн да өткөрсөк болот. Бүгүнтөн тартып бардык каалоочулар үчүн эшигибиз ачык”,- деди Салымбеков.

 

Мындан сырткары амфитеатрдын астына конок күтүүчү боз үйлөр дагы салынган. Ал көл жээгинде жайгашып, ичине 1000ге чукул адамды батыра алат. Сахнанын артында көл көрүнүп тургандыктан артисттер суунун үстүндө жүргөндөй образ жаратат. Курулуш иштери үч айга созулган. Мындай жакшы саамалык мамлекетибизге, элибизге аброй гана алып келбесе анын эч зыяны болбосу анык. Анан да улуттук баалуулуктарды, эл намысын жогору туткан эр-азаматтар көбүрөөк болсун деп тилек кылалы.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити