Парламент жыйынында депутат Урматбек Саамаев Кыргызстанда көп катталып аткан жол кырсыктарына токтолду.

 

«Жол кырсыгы өтө көп жана бул көйгөйлүү, курч маселе. 2017-жылдын башынан бери өлкөдө 5000ге жакын жол кырсыгы катталып, андан 300гө жакын жарандар ар кандай жарааттарды алышкан. Тилекке каршы, кырсыктар адам өлүмү менен да коштолууда. Наристелердин өлүмү жүрөктү тилет. Мунун баары МАИ кызматкерлеринин коррупцияга малынышы, айдоочулук күбөлүктүн сатылышы, жолдордун начар абалынан келип чыгууда. Чара көрбөсөк болбойт», - деген депутат жол кырсыктарын алдын алган роликтерди тартып, телеканалдардан көрсөтүүнү сунуштады.