Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

 

Депутат Осмонбек Артыкбаев баш болгон бир катар эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө баш-аягы эки жылдан ашуун иштегенин, бул мезгил аралыгында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас-Тараз-Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын белгиледи. Ал коӊшу Казакстан менен мамиле жакшырганын, азыр чек арадагы Чоӊ-Капка өткөрүү жайында абал оӊолгонун кошумчалады.

 

Белгилей кетсек, Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги жакында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталууда.