Депутат Ирина Карамушкина экс-ИИМ министри Мелис Турганбаевге байланышкан маселени Башкы прокуратура карап чыгышы керек дейт.
Мындай пикирин депутат парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.
“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерди үзгүлтүккө учураткан Мелис Турганбаев кызматтан кетти. Бирок жоопко тартылган жок. Тендерге мен да катыштым, ошондуктан таза, ачык-айкын өттү деп айта алам. Бирок үзгүлтүккө учурады. Башкы прокуратура эмнеге бул маселени карабай атат? Жол кырсыгынан каза тапкандар боюнча жоопкерчиликти ким тартат?” - деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аталган долбоор боюнча соттук иштер бүткөнүн, “Таза коом” долбоору аркылуу “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырыла турганын билдирди.