Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан кабарлашты.
Дарыгерлердин айтымында, ооруканага бир күндө 12 адам кайрылган. Алардын экөөсү ооруканага жаткырылды. Бирөөсүнүн ийини сынган, ал эми экинчиси жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Кечээ Түштүк магистралындагы курулуп аткан үй кулап, андан жабыр алгандар болгон. Үйдү куруп аткан «Авангард - стиль» компаниясы кийинчерээк көп кабаттуу үйдүн дубалы эмес, ага удаа салынган спорткомплекстин дубалы ураганын билдиришкен.