Бишкек, «Саясат. kg». Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда жол картасын түзүү иштери уланууда. Документ Еревандагы кыргыз-казак премьер-министрлеринин жолугушуусунда кабыл алынаары күтүлүп жатат.
Бул тууралуу Казакстандын ТИМ башчысы Кайрат Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүү конструктивдүү өтөт. «Биз жакынкы аралыкта премьерлер ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагында жолугушуп, 18-октябрда Астанадагы келишимдин аягына чыгышат деп болжолдоп жатабыз», - деген министр.
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ереванга бүгүн, 24-октябрда учат.