Саясий серепчи Бакыт Бакетаевге коркутуулар болууда. Бул тууралуу өзү билдирди. Айтымында, эрте жаздан бери Мессенжер аркылуу бирөө билдирүү жазып, анда Бакетаев менен эсептеше турганын айтып келет.

 

«Менимче муну интернет-терроризм катары кабыл алуу керек. Жаш жигит мага жаздан бери мессенжерден кат жазат. Акыркы убактарда жазгандары кылмыш ишинин ачылышына негиз болуп бере алат болуш керек. Азыр текст тийиштүү органдардын эспертизасында турат. Иликтөө бардык суроолорго жооп берет_ Эгер ал оорукчан адам болсо да ага карата тийиштүү чаралар көрүлөт, а эгер соо адам болсо, мен аны түрмөгө отургузам», - деди Бакетаев.

 Айтымында, коркутуулар анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу, учурдагы кырдаал боюнча билдирген анализдеринен улам келип чыккан.

 

Интернеттеги жаран кайсы бир жактан акча күтүп атканын, ал акча келери менен өкмөттүк саясий серепчилердин баары менен эсептеше турганын, биринчи Бакетаевден баштаарын жазып турган.

 

«Мени коркутуунун кереги жок, мен ишимде бир гана фактыларды жана аргументтерди пайдаланам. Оппозициямын деп алышып картинаны бузуп турган ушундай адамдар коомчулук алардын агрессиясын артка кайтараарын билишсе», - дейт саясий серепчи.