Бишкектеги «Асанбай» кичирайонундагы өрт жети кафени жалмады.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, өрт Токомбаев көчөсүндө күндүзгү саат 10:17де болгон.

 

Өрт жалпысынан 3100 чарчы метр жерге жеткен. Анын 1800 чарчы метри фитнес борборго таандык болгон. Өрт «Корчма», «Марио», «Бухара», «Асанбай», "Ганбей", "Барклайс", "Кайзер" кафелеринин чатырларын каптаган.

 

Өрт кечки саат 17:53тө толугу менен өчүрүлдү.