Кыргызстандын президентин шайлоонун айрым аймактардагы жыйынтыктары жокко чыгарыла баштады. БШКнын мүчөсү Айбек Өмүралиевдин айтымында, дагы эки шайлоо аймагындагы жыйынтык жокко чыгарылды.
Маалыматка караганда, Бишкектеги №1243 жана Түркиянын Анкара шаарындагы шайлоо аймактарынын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул жерде шайлоочулар бюллетенди идентификациясы жок алышкан. Бирок, мындай эреже бузуулар жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбейт.
Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрда болгон. Анда КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан.