Израилдин жараны Ысык-Көлдүн жолунда жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык Каркыра жайлоосуна бараткан жолдо болгон. «Хонда» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, автоунаа оодарылып кеткен. Машинада Израилдин 60 жаштагы жараны Дани Нахуме бар болгон. Ал ошол жерден каза тапкан. Дагы бир жаран оор акыбалында ооруканага жеткирилген.

 

 Бул факт боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө Израилдин Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчилиги алектенип жатат.