Кыргыз-казак чегарасына атамекендик жүк ташуучулар жана өндүрүшчүлөр убактылуу барбай туруулары керек. Мындай чакырыкты бир нече бизнес ассоциациялары жасашты.

 

Белгиленгендей, бул кыргыз-казак чегарасындагы автоунаалардын узун кезегин азайтат. Бардык татаалдыктар жөнгө салынмайынча чегараны кесип өтпөй туруу керек.

 

«Учурда Кыргызстан жана Казакстандын премьер-министрлеринин жетекчилигинин алдында жумушчу тобу түзүлдү. Беш жумушчу күнүндө маселени чечүүнүн чараларын иштеп чыгышат», - деп билдиршкен бизнес ассоциациялары.