Тажикстанда Хатлон облусунун аскер соту жоокерди – өлкөдө тыюу салынган “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун өкүлүн аскер формасынан баш тартканы үчүн алты айга соттоду.


18 жаштагы Даниил Исломов аскерге быйыл апрелде чакырылган. Аскер комиссариатында ал дароо форма диний ынанымына каршы келерин билдирген. Анын альтернативдүү жарандык кызмат өтөө өтүнүчү четке кагылып, Курган-Төбөдөгү аскер бөлүгүнө жөнөтүлгөн.

 

Сот жоокер аскердик милдетин өтөөдөн баш тартты деген чечимге келди. Маалыматтарга караганда, териштирүү учурунда Исломов аскер бөлүгүнүн аймагында жүргөн. Өкүм чыккандан кийин ал Курган-Төбө шаарындагы катаал режимдеги колонияга которулду. Жоокердин туугандары өкүмдү даттанарын билдиришти.

 

“Жахаба күбөлөрүнүн” диний ишениминде кандай гана учур болбосун колго курал алып, форма кийип, согуш аракеттерине катышууга болбойт.

Тажикстанда “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун ишмердүүлүгүнө 2007-жылы тыюу салынган.