Киевде Жогорку Рада имаратынын алдындагы полиция менен кагылышуу маалында кармалган 11 адамдын бардыгы тең кое берилди. Алардын айрымдарына административдик мыйзам бузуу тууралуу протоколдор түзүлгөн.


Маалыматка караганда, учурда бошотулган адамдар кайрадан шаар борборундагы чатырлардан турган лагерге кайтып барышты.

 

Кечээ полиция кызматкерлери менен саясий реформалар үчүн деп аталган акция катышуучуларынын ортосунда жаңы кагылышуулар болгондугу кабарланган. Өлкөнүн Улуттук гвардиясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңжал митингчилер полициячылардан тартып алган калкандарын кайтарып берүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

 

17-октябрда акциянын катышуучулары Рада имаратынын алдына чатырларды тигүүгө аракет кылганда дагы полиция менен кагылышуулар болуп, 4 киши жабыркаган. Кийинчерээк Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко чатырлар күчтөп алынбай турганын билдирген.

 

Акция катышуучуларынын башкы талаптары – депутаттык кол тийбестикти алуу, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жана антикоррупциялык сот түзүү.