Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков жакында жерге берилген адам сөөгүнүн мумиясы маселесине токтолду.
“Айрым окумуштуулар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин комиссиясынын чечими менен жакында жерге берилген адам сөөгүнүн мумиясы тууралуу чуу салып жатышат. Алар вандализм илимге чоӊ зыян келтирди дешти. Мумия өткөн кылымдын 50-жылдары эле табылган да, анан ошончо убакыттан бери изилдебей эмне кылып жүрүшкөн? Аларга жерге берилгенден кийин эле керек болуп калдыбы?”-деди.
«Мумияланган аялдын сөөгү кыргыз же башка улут экени азыркыга чейин белгисиз. Биздин окумуштуулардын бири дагы басып келип изилдеген эмес. Орус окумуштуусунун сөөк IV-V кылымда жашаган адамга таандык деген пикири гана бар, андан башкан эч бир илимий тыянак жок», – деп кошумчалады депутат.
Эске салсак, 1959-жылы Баткенден табылган аялдын сөөгү 1970-жылдан бери Тарых музейинде сакталып келген. Жакында коомдук уюмдардын кийлигишүүсү менен мумия казылып алынган жерине кайтарылып, Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген аймакта жерге жашырылган.