Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Кыргызстандын жолдорундагы кырсыктарга кайрылды.

 

«2017-жылдын 9 айында өлкөдө төрт миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анда 500гө жакын адам каза тапты. Бир нече жылдан бери жол кырсыгынан эле он миңге жакын адам каза тапкан. А СССРдин аскери Афганистандагы согушта 13 миң жоокерин жоготкон», - деди депутат.

 

 «Согуштай эле болуп атат! Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү шаарлар аралык жолдордо катталууда. Кандайдыр бир чара көрүүбүз керек. Болбосо жол кырсыгы согуштун кабарындай эле болуп калды», - деди Эргешов.