Бүгүн президент Атамбаев мыкты окуган студенттерге жогорулатылган стипендия тапшырды.

 

Президент студенттерге сөз сүйлөп атып, БУУнун адам укуктарын коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнө сын айтты.

 

«БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча иш аракеттерди жетектегендердин арасында араб өкүлдөрү да бар. Аравияда акыбал кандай? Жакында эле аялдарга автоунаа айдоого уруксат беришти. Ал да азырынча бекемделе элек. Ошондо, аялдар адам эмеспи? Биринчи өздөрүндөгү адам укуктарынын бузулушун жөнгө салып алышпайбы?!» - деди Атамбаев.

 

Ошондой эле президент Кыргызстан светик өлкө экенин белгилеп, «чала молдо» фанаттар коомду буза турганын кошумчалады. Айтымында, Курани Каримде мажбурлоо, таӊуулоо жок. «Дамбал кийгиле, жүздү чүмкөгүлө» дегендер «чала молдолор», алар Кыргызстандын, исламдын душманы.

«Сакалчан «молдолор» бизди орто кылымга алып барууну каалашат», - деди Атамбаев.