Добуштарды кол менен саноо аяктап, жыйынтыгы БШКга жиберилди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады. 

 

Шайлдабекованын айтымында, учурда шайлоо участокторунун 98,3 пайызынын жыйынтыктары келди. Эми чет мамлекеттеги кыргызстандык шайлоочулардын добушу саналат. 

 

“Республиканын алыскы аймактарынын жана чет өлкөдөгү жарандардын добуштарынын кол менен саноонун жыйынтыгын күтүп жатабыз”,-деди ал.


Ошондой эле  төрайым  Ош шаарында (68,14%)  жана Талас облусунда (61,05%) шайлоочулар активдүү болгонун кошумчалады.