Саясатчы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Автовокзал шайлоо аймагына барып, добуш берди.
«Эли-журттун ынтамагы, мамлекетибиздеги туруктуулук үчүн добуш бердим. Шайлоо тынчтыкта өтүп, элибиз татыктуу, мамлекетти өнүктүрө турган президентин шайлап алсын деп тилейм», - деди Камчыбек Ташиев.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев да президенттикке талапкерлигин коюп, бирок кийинчерээк талапкер болуудан өз каалоосу менен баш тарткан.