Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 12-октябрда кечки саат 19.00гө карата кыргыз-казак чек арасында элдин топтолуусу байкала элек.


Маалыматка караганда, "Ак жол", "Ак-Тилек", "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттеринен башка жайларда транспорт каражаттардын агымы азайды. Ал эми аталган үч бекетте жалпысынан 70-100 чакты машине турат.

 

Мекеме кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу экенин, чек ара тартибин бузган учурлар катталбаганын кошумчалады.