Башаламандык менен мыйзамсыздык, анархия менен монархия өкүм сүргөн биздин өлкөдө башкасын кой, кылмышкерлер менен айрым диний экстремисттер карапайым калкты эмес, кадимки УКМКнын чекисттерин кааласа башка атып, жинине тийсе бычактап да кетишүүдө. Анткени Ноокат районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эки кызматкери бычакталып, ооруканага түштү. Окуя 9-октябрда кечинде борбордук базардын айланасында болгон. УКМК тараткан кабарга ылайык, алар эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операцияда бычак жеген. Экөө тең көкүрөккө бычак жеп, биринин өпкөсү тешилген. 2-2,5 литр кан жоготушкан. Аларга таңкы саат төрттөргө чейин операция жасалган. Факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Террордук топтун мүчөлөрүнүн тек-жайы аныкталып, аймакта аларды колго түшүрүү боюнча “Перехват” планы жарыяланып, кылмышкерлер кармалганы да кабарланууда. Бирок алардын аты-жөнү айтыла элек. Чындыгында акыркы кезде УКМК тарабынан өлкөбүздүн аймагында ар кандай террорчулук менен байланышкан иштерди пландаштырган экстремисттер кармалып, жок кылынууда. Бирок ушундай өмүрүн бычак мизине такаган чекисттердин эң оболу өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылганы оң го.
“Майдан-пресс”, Булак: «Майдан. kg» гезити