Картинки по запросу текебаев чотонов 


 

Акыры көздөгөнүнө бара жатышат. Бийлик билгенин кыла бере турганын “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго кылган мамилеси менен тастыктап жатышат.

 

Анткени эки инсан 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1-тергөө абагына которулду. Жаза аткаруу кызматынан буга чейин билдиргендей, Текебаев жана Чотонов тергөө абагынан он күндүн ичинде бардык медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анан жалпы абакка которулат. Бишкек шаардык соту 2-октябрда “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен жана үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин деген Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

 

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити