Ажо болсо эле телегейи тегиз болуп калбайт экен да. Аны азыркы ажолукка ат салышып аткандар билсе кана ээ.
Маселен, Америка ажосу Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп АКШнын учурдагы ханайымы Меланья Трамптын “адресине” ачуу сөз айтып чыккан. Анда биринчи айым Ивана Дональд Трамп жөнүндө билдирүүсүн өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элдин көңүлүн бурдурууга жасаган аракети деп атаган. Буга расмий жооп айтылды, “Меланья Трамп өзүнүн наамын жана ролун китеп сатып акча табуу үчүн эмес, балдарга жардам берүүгө колдонот”,- деп биринчи айымдын коммуникация боюнча директору Стефани Гришэм билдирди. Эскерте кетсек, Ивана Трамп америкалык телеканалдардын бирине берген маегинде президенттин азыркы деңгээлге жетишине себепкер экенин айткан. Ошондой эле ал менен жумасына бир жолу жолугуп, кеңеш берип турарын билдирген. Мурдагы актриса жана фотомодель Ивана Трамп Дональд Трамп менен 1977-1992-жылдары никеде болгон. Экөөнүн ортосунда эки уул жана бир кызы бар. Айтор күндөш күрөштөрү эми бизде да күч албаса болду. Башкасынын баары болуп эле атат.
Булак: «Майдан. kg» гезити