Картинки по запросу канат исаев 

 

 

Эсиӊиздерде болсо, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата “кылмышка даярдануу”, “массалык баш аламандык” жана “бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган.

 

2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок, кечээ 9-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча сот өтмөк. Бирок Исаев сотко алып келинбегендиктен отурум 16-октябрга жылдырылды. Айтор ар кандай шылтоолор менен Канат Исаевдин ишин шайлоодон соӊкуга жылдырып атышат. Бул “эгер шайлоодо күтүлбөгөн жагдай болуп кетсе” дегендик эмеспи? Эгер Исаевди “тизе бүктүргүсү” келгендер шайлоодо жеӊишке жетип калса анда бул жигиттин тагдыры оорломогу турган иш. Кокус, Исаевдин тарапташтары жеӊишке жетип калсачы? Айлакер сот бийлигинен амал качып кутулбайт экен да.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити