Өткөн жумада президент А.Атамбаевдин Ташкентке жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн достугун чыңаган жагымдуу кабар болду. Анда кыргыздардын батырдык “Манас” эпосу өзбек тилине которулганы, Өзбекстанда кайрадан басмадан чыккандыгы жарыяланды. Жаңы китептин биринчи нускасын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиеёв өзү белек кылды. “Өзбекстанда кыргыз элинин “Манас” эпосун жогору баалап, кызыгуу менен колдонушат. Бул эпос – бир эле кыргыздардын эмес, жалпы түрк элдеринин сейрек кездешүүчү эстелиги. Биз, жакында эле, эпостун өзбек тилиндеги котормосун кайра басып чыгардык”,- деди Мирзиеёв. Өзбек тилине “Манас” эпосунун жазуучу Бексултан Жакиев жазган кыскартылган варианты которулган. “Манас” эпосу эң алгач 1958-жылы Өзбекстанда жарык көрчү “Кыргызстан акыйкаты” газетасынын кызматкерлери тарабынан өзбек тилине которулуп, басылып чыккан. 1964-жылы белгилүү акын, жазуучу жана котормочу Миртемирдин котормосунда биринчи бөлүгү чыгарылган. Анда ал Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз, өзбек жазуучуларынын эң жакшы баасына ээ болгон. Ал эми экинчи бөлүгү котормочу Султан Акбарий тарабынан которулуп, кыскартуу менен 1982-жылы басылган. Ошондой эле эпостун балдар үчүн даярдалган вариантынын котормосу 1995-жылы басмадан чыккан. Аны которгон Т.Адашбоев Эл аралык “Манас” алтын медалы менен сыйланган.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити